200 миңден ашуун абонент уюлдук байланышсыз калды

Жазылуу
SIM-карталарды персонификация өнөктүгү 2014-жылы башталып, уюлдук операторлордун каттап жетишпей жатканынан улам мөөнөтү бир нече ирет узартылган. Абоненттерди каттоо үстүбүздөгү жылдын 1-февралында аяктады.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 200 миңден ашуун абонент уюлдук байланышсыз калганын Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди.

Уюлдук телефон жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байланыш агенттиги: "мобилдик көз карандылык" жоюла элек
Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан баштап SIM-карталарды персонификация өнөктүгүнүн алкагында каттоодон өтпөгөн абоненттер уюлдук байланыштан өчүрүлдү.

Жалпысынан 7 миллион 781 миң 524 абоненттен 7 миллион 583 миң 898 пайдалануучу каттоодон өткөн, бул абоненттердин жалпы санынан 97,46 пайызын түзөт.

Мындан улам 202 миң 85 абонент (2,54 пайыз) уюлдук байланышсыз калды. 

Мобилдик операторлордун персонификация боюнча маалыматы:

 

  • "Sky Mobile" (Beeline) — 98,92 пайыз
  • "Альфа Телеком" (MegaCom) — 96,9 пайыз 
  • "Нуртелеком" (О!) — 97,4 пайыз.

 

SIM-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү 2014-жылы башталып, 2015-жылдын 8-мартында аягына чыгышы керек болчу. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен каттоонун мөөнөтү бир нече ирет узартылып, акыркы күн 2016-жылдын 1-февралына белгиленген.

Анонимдүү номерлерди жок кылуу шылуунчулуктун алдын алып, чакыруулардын дайын-дарегин билүү максатында жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0