Кыргызстан сейрек кездешкен жаныбарларды арзан аттырган өлкөлөрдүн көч башында

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бир аркарга аңчылык кылуу лицензиясы алты миң доллар, ал эми Монголияда 20 миң доллар турат.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларды аңчылык кылып, атып алуу фактылары акыркы мезгилдери көп кездеше баштады. 

Акыркы ирет болгон окуя — ак илбирстин атылышы коомчулукта көп талкуунун башын жаратты. Ууга чыккандарга уруксат берген лицензияларды электен өткөрүү демилгелери көтөрүлдү. Ал эми депутаттар сейрек кездешкен жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Мындан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги лицензия менен аңчылык турлардын бааларын башка өлкөлөр менен салыштырып көрдү.

Лицензиялардын баасы

Кыргызстанда аркарды атууга уруксат берүүчү лицензия айрым өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болуп чыкты. 

Жайыттагы маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Леонардо Ди Каприонун маралдарга берген акчасы кандай бөлүштүрүлөт
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришкендей, чет өлкөлүк аңчылардын көпчүлүгү Кызыл китепке кирген аркарды (Марко Поло) атууга лицензия алышат. Бир аркарды атууга берилүүчү лицензиянын баасы Кыргызстанда 450 миң сом же 6 миң доллар турарын агенттиктен тастыкташты.

Ал эми Тажикстандын жаратылышты коргоо комитетинин маалыматы боюнча андагы аркарга болгон лицензия Кыргызстандыкына караганда 4-6 миң долларга кымбат. 

Эгер аңчылар Монголияга барса, анда лицензияны салыштырмалуу 14 миң долларга чейин жогору баада алууга туура келет. 

Аркарга болгон лицензиялар:

  • Кыргызстан. Алты миң доллар (азыркы курс менен). Лицензиянын жалпы саны —70. Бул бир жылда жетимиш аркар атууга уруксат берилет деген түшүнүк; 
  • Тажикстан. 10-12 миң доллар. Лицензиянын жалпы саны — 80;
  • Монголия. 10-20 миң доллар. Лицензиянын жалпы саны — 15-20.

Кыргызстанда 52 аңчылык чарба бар. Анда аңчылык жасоо үчүн лицензиядан сырткары көрсөтүлгөн кошумча кызматтар үчүн каражат төлөө шарт. Муну ар бир чарба өзүнүн койгон тарифи менен аныктайт. 

Sputnik Кыргызстан Монголия менен Тажикстандагы аңчылык чарбаларындагы бааларды салыштырып көрдү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат катчысы Салайдин Камалдиновдун айтымында, карышкырга, тоо текеге жана эликке ууга чыккандар Кыргызстанга көп келет. Бул үч жаныбарга болгон бааларды салыштыруу иретинде көз салсак:

  • Монголиядагы орточо баа:
  • Тоо теке — 8400 доллар;
  • Элик — 1000 доллар; 
  • Карышкыр — 500 доллар. 

Тажикстандагы орточо баа:

  • Тоо теке — 5600 доллар;
  • Карышкыр — 600 доллар.

Кыргызстанда жогорудагы жандыктарга болгон баа салыштырмалуу арзан:

  • Тоо теке — 5500 доллар;
  • Элик — 980 доллар;
  • Карышкыр — 400 доллар.

Ал эми кызыл китепке кирген аркарды атууга багытталган аңчылык турлар башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла эле арзан болуп чыкты.

Аркарга болгон аңчылык турлардын баасы 

Кыргызстандын аңчылык чарбаларындагы аркарга болгон аңчылык турдун баасы 15-20 миң долларды түзсө, Монголияда 30-70 миң долларга чейин жетет. Ал эле эмес жакынкы коңшу Тажикстанда баалар 25-35 миң доллардан кем эмес. 

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Эксперттердин пикири боюнча, Кыргызстандагы бааларга аңчылык чарбаларынын көптүгүнөн улам, атаандаштык жаралып өз таасирин тийгизип жатат. 

Кыргызстандагы Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматы боюнча аркарларга берилген 70 лицензиянын бардыгы жылына сатылып бүтөт. 

Андан түшкөн каражат орточо эсеп менен 26 миллион 550 миң сомду түзөт. 

Аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев аңчылар бир аркарга лицензия алып, бирок бир канчасын атып салып жатканын айтты.

"Аңчылар лицензияны бир аркарга алып андан кийин 10 же андан көп аркар атып салса деле белгисиз бойдон калып жатат. Тоодон каалагандай атып бөлүп алышат экен. Бизге мындай маалыматтар карапайым элден байма-бай келгендиктен мыйзам долбоорун сунуштап чыктык", — дейт Токтошев. 

Учурда сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлган. 

Белгилей кетсек, аркарларды атууга тыюу салган өлкөлөр:

  • Пакистан
  • Россия
  • Индия
  • Казакстан
  • Кытай Эл Республикасы
  • Афганистан

Кыргызстандагы Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматы боюнча, Кызыл китепке кирген сүт эмүүчү жаныбарлардын Кыргызстандагы жалпы саны жана аларга мыйзамсыз аңчылыкка каралган айып пулдар:

  • Илбирс — 284 тегергинде, 500 миң сом;
  • Аюу — 311 баш, 400 миң сом;
  • Марал — 440 тегергинде, 400 миң сом; 
  • Аркар — 18 миң 998 баш, 400 миң сом;
  • Сүлөсүн — 1106 баш, 25 миң сом;
  • Мадыл — 91 баш, 25 миң сом;
  • Кундуз — 20 баш, 200 миң сом;
  • Суур — 29 миң 970 баш, үч миң сом;
  • Чүткөр (дикобраз) — 281 тегеригинде, эки миң сом.

Бирок, булардын ичинен жети жаштан ашкан гана аркарларга лицензия берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0