Унаасын камсыздандырбай жүргөндөргө айып пул 2018-жылдан баштап салынат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсаго полиси. Архив
Осаго полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын айланасындагы талкууларды жана демилгелерди эске алуу менен унааларды камсыздандыруудан өткөрүүдөгү административдик жазага тартуу мөөнөттү 2018-жылдын 1-январынан тарта башталса, камсыздандыруу боюнча иштин мөөнөтү ушул жылдын 7-февралында ишке кирет.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өкмөт автоунааларды камсыздандыруудан өткөрүүдөгү административдик жазага тартуу мөөнөтүн 2018-жылга жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн "Транспорттук унаалардын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча жарандык жоопкерчилиги" (ОСАГО) жөнүндө мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтү боюнча жыйында белгилүү болду.

Буга байланыштуу Сариев аталган мыйзамды коомчулуктагы талкуу жана сунуштарды эске алуу менен карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам ачык-айкын, түшүнүктүү болуп, камсыздандыруу компанияларынын жоопкерчилиги так каралып, унаа жол кырсыгына кабылган учурда келтирилген чыгымдар иш жүзүндө кайтарылышын камсыздоосу керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, автоунааларды камсыздандыруудан өткөрүү жарандардын кызыкчылыгын көздөп, жол коопсуздугун сактоого багытталган.

Депутат Чолпон Жакупова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Жакупова: Беш баллдык жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр камсыздалбайт
Жыйында аталган мыйзамдын айланасындагы коомдук талкууларды жана демилгелерди эске алуу менен автоунааларды камсыздандыруудан өткөрүүдөгү административдик жазага тартуу боюнча мөөнөттү 2018-жылдын 1-январынан тарта баштоо чечими кабыл алынды.

Ал эми өлкөдөгү автоунааларды камсыздандыруу боюнча иштин мөөнөтү мыйзамда көрсөтүлгөн 2015-жылдын 7-февралында башталат.

Сариев автоунааларды камсыздандыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Муну менен катар Финансы министрлигине мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык унааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүүсүн жана быйылкы жылы каржылоосун милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0