Кыргызстанда аялдарга караганда жумушсуз эркектер басымдуулук кылат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖумуш ярмаркасындагы адам. Архив
Жумуш ярмаркасындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш менен камсыз кылуу кызматынын каттоосунда 87 миңден ашуун жаран бар. Ал эми бейрасмий маалыматтарда учурда кыргызстандыктардын 201 миңи жумушсуз.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли калктын 8 пайызын түзө турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Статистикалык маалыматка ылайык, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын саны эки миллион 504 миң адам. 

Нан кармаган кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 5 жылдын ичинде жакырчылык 4,5 эсеге азайган
Алардын ичинен 98,4 миңи — аялдар (жумушсуздардын 48,9 пайызы), 103,1 пайызы — эркектер (51,1 пайыз). Кыргызстанда расмий жумушсуздук 8 пайызды түздү.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын каттоосуна 87 миңден ашуун жаран турган. Анын ичинен жумушсуз деген расмий статуска 56 миң жаран ээ болгон. 

Ал эми бейрасмий маалыматтарда кыргызстандыктардын 201 миңи учурда жумушсуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0