Оң рулдуу таксичилерди азырынча айып пулга жыга алышпайт, балким, мөөнөтү жылат

© Sputnik / Табылды КадырбековОң рулдуу автоунаанын салону. Архив
Оң рулдуу автоунаанын салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарийлер оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуу коомдо социалдык чыңалууну жаратат деген пикирди айтып жатат. ИИМдин маалыматында, өлкөдөгү автоунаалардын 30 пайызы оң жактан башкарылган темир тулпарлар.

БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. Депутат Иса Өмүркулов жетектеген Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин оң рулдуу автоунаалар менен эл ташууга салынган тыюунун мөөнөтүн узартуу демилгесин көтөрүп жатат.

Праворульный автомобиль на улицах города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салууну дагы 4 жылга жылдыруу сунушталууда
Мындай мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Бирок, мыйзамда административдик айып пул ченеми көрсөтүлгөн эмес. Буга ылайык, жол кайгуул кызматкерлери чара колдоно албай келет. Ал эми Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке оң рулдуу унаа менен эл ташыган айдоочулардын жоопкерчилигин карап берүүнү суранып кайрылган.

Комитет жетекчиси Өмүркулов аталган министрлик тарабынан ЖКга айып пулдун ченемин аныктап берүү сунушу түшкөндө, эл нааразы боло баштагандыгын Sputnik Кыргызстанга комментарий берип жатып билдирди. 

"Кыргызстанда миңдеген жарандар оң рулдуу унааларды коммерциялык негизде колдонгондуктан, ага бир күндө эле тыюу салып коюу мүмкүн эмес. Буга ылайык, "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Анда тыюу мөөнөтүн 2018-жылга чейин узартуу каралган",— деп билдирди депутат.

Ал эми ИИМдин жол кайгуул кызматынын катчысы Тилек Оторов бул жаатта төмөнкүдөй пикирин билдирди. 

"Өлкөдөгү жалпы унаалардын 30 пайызы оң рулдуу унаалар. Алар жол кырсыктарынын көбөйүшүнө шарт түзүп жаткандыктан, ИИМ быйылтан тарта административдик чара көрүү позициясын колдойт",— деди Оторов. 

Бирок, депутат Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, оң рулдуу унааларга тыюу салууга жарандар дагы, Ички иштер министрлиги дагы даяр эмес. Себеби, ИИМ кызматкерлери унаалардын коммерциялык негизде колдонулуп жаткандыгын аныктоочу механизмди сунуштай алган эмес.

"Айдоочулар өздөрүнүн туугандарын же кардарларын ташып жүргөнүн жол кайгуул кызматкерлери аныктай албайт. Андай механизм азыр жок. Мындан улам мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш парламентте каралып бүткөнчө айдоочуларга чара колдонулбайт. Мындай чечимге ИИМ менен биргеликте келдик", — деп кошумчалады Өмүркулов.

Ыктыярдуу патент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таксисттердин патентин салыкчылардын ордуна Жол кайгуул кызматы текшере баштайт
Депутаттын айтымында, парламентте депутаттардын көпчүлүгү тыюу салуу мөөнөтүн 2018-жылга чейин өзгөртүү демилгесин колдоп жатышат. Мындан улам, демилге жакын арада ишке ашып кетүүсү мүмкүн. 

Эске салсак, "Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Коомчулук аны "элге каршы мыйзам" деп атап, нааразы болушкан. 

Акыркы маалыматтар боюнча такси кызматындагы унаалардын үчтөн эки бөлүгүн дал ушул оң рулдуулар түзөт. Мындай кызматтын биринин менеджери аларда иштөөчү 1,5 миң автоунаанын миңге жакыны оң рулдуу экендигин билдирди. 

"Мындай автоунаалар бензинди аз жеген үчүн өтө ыңгайлуу, айдаганга жеңил жана дал ушулар биздин бааны көтөрбөй кармап турганга мүмкүндүк берип жатат. Таксисттердин көбү машинаны карызга алып, аны төлөш үчүн эки нөөмөттөп иштейт", — деди ал.

Тыюу салуу боюнча демилге мындай унаалар жол кырсыгына көп кабылат деген маалыматтардан улам көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0