Жаш педиатрлорду депозиттик 5 миң сом менен ишке тартат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөргөн дарыгер. Архив
Ымыркай көтөргөн дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия бул жаш адистердин эмгегин баалоонун кошумча ыкмасы болорун белгилейт. Акча үч жыл бою адистин банктагы эсебине которулуп турат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Медициналык жогорку окуу жайлардын педиатрия факультетинин бүтүрүүчүлөрүн "Педиатор-дарыгеринин депозити" программасы боюнча боло турган сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган программа айына 5 миң сом которуу менен эмгекти баалоонун кошумча ыкмасы болуп саналат. Акчанын үч жыл бою банктык эсепке которулушу жаш адистерди кызматка тартуу жана стимулдаштырууга шарт түзөт.

Тигүүчү жана улуттук желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тигүүчүлүк кесипке суроо-талап күч
Каалоочулар документтерин (паспорт, диплом, клиникалык ординатура же интернатураны аяктагандыгы тууралуу сертификат жана эмгек китепчесинин нотариалдык жактан ырасталган копиялары) саламаттык сактоо департаментине тапшырса болот.

2013-жылы кадр маселесин чечүү максатында, өзгөчө жаңы конуштарды педиаторлор жана №3 шаардык балдар ооруканасын реаниматологдор менен камсыздоо максатында шаардык кеңештин токтому менен "Бишкектин педиатр-дарыгеринин депозити" бекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0