Бүгүнтөн тарта катталбаган SIM-карталар өчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСим-карта на мобильном телефоне
Сим-карта на мобильном телефоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук телефон колдонгон жарандар өз номерлерин 1-февралга чейин каттатышы керек. Ал эми бүгүнтөн тарта катталбаган номерлерге этабы менен бир катар кызматтар үчүн чектөөлөр киргизилет.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы уюлдук операторлору SIM-картасын каттатпаган кардарлар үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизет. 

SIM-картаны милдеттүү түрдө каттатуу 2014-жылы башталган. Ал 2015-жылдын 8-мартында аякташы керек болчу. Бирок, уюлдук операторлордун өтүнүчү менен каттоо бир нече жолу узартылган. Ошентип акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралы деп белгиленген. SIM-карталарды каттатуу иштери телефон алдамчыларынын алдын алуу жана жоголгон номерлерди калыбына келтирүүдө жеңилдиктер үчүн киргизилген.

Планшет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин эркиндиги боюнча Кыргызстан 35-орунду ээледи
Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалымат кызматы уюлдук телефон номерлерди мөөнөтүнөн мурда өчүрүү өкмөттүн токтомунун нормаларын бузбай турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. Тескерисинче, номерлерди толук каттоого алуу үчүн мамбайланыш агенттиги уюлдук операторлорго этап-этабы менен кызмат көрсөтүүдө чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

"Нуртелеком" ("О!" соода маркасы) компаниясынын расмий сайтында 15-январдан тарта номерин каттатпаган кардарлар өчүрүлө турганы боюнча билдирүү жайгаштырган. Бирок чектөө этап-этабы менен киргизилет. 1-февралга чейин кызмат көрсөтүүдө бир катар чектөөлөр киргизилет. Алар: сырттан келген чалууларга же жана башка кызмат көрсөтүүлөргө чектөө болушу мүмкүн.

"Номерин каттатпаган абоненттерди автомаалымдагыч аркылуу бир катар кызмат көрсөтүүдө чектөө киргизилиши тууралуу кабардар кылабыз", — деп компаниядан маалымдашты.

Beeline компаниясынын сайтында дагы бүгүнтөн тарта кызмат көрсөтүүдө чектөө киргизиле турганы жазылат. Телефон номерин каттатпаган абоненттер чалууларды жүргүзө албайт, интернетти кошууда чектөө киргизилет.

"Альфа Телеком" ("Мегаком" соода маркасы) компаниясы 90 күн же андан ашык убакыт колдонулбай турган номерлерди биринчи кезекте өчүрөт.

"Эгер алар номерлерин 1-февралга чейин каттатса, номерлери иштеп баштайт", — деп компаниядан билдиришти.

Мамлекеттик байланыш агенттиги SIM-карталарды каттоо кампаниясы узартылбай турганын билдирди.

2016-жылдын 1-январына алынган маалымат боюнча кыргызстанды уюлдук телефон колдонгон 7 миллион 741 миң 694 абонент катталган. Алардын 7 миллион 440 миң 94 абоненти өз номерлерин каттаткан:

  • "Sky Mobile" (Beeline) ЖЧКсы – жалпы кардарлардын 97,93 пайызы номерлерин каттаткан;
  • "Альфа Телеком" (Megacom) ЖАК — жалпы кардарлардын 98 пайызы номерлерин каттаткан;
  • "НУР Телеком" (О!) ЖЧКсы — жалпы кардарлардын 96,45 пайызы номерлерин каттаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0