Бүгүнтөн баштап Ош — Бишкек жолундагы кар көчкү аткылап түшүрүлөт

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар көчкү аткылап түшүрүү. Архив
Кар көчкү аткылап түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашуудагы карды атып түшүрүү аракеттери 20-январга чейин уланат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Ош — Бишкек кан жолунун 121-138-жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атып түшүрүү аракеттери 20-январга чейин уланат. Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан сааттарда Бишкек — Ош унаа жолунун айрым участкаларында жол убактылуу жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0