11:37 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Ноутбукта сабак окуп жаткан мектеп окуучулары. Архив

Сариев өлкөдө интернет байланышын күчөтүү тапшырмасын койду

© Sputnik / Кирилл Брага
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
3810

Өкмөт башчы 2016-жылдын 10-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча атайын бетачар даярдоо тапшырылды.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевди кабыл алып, өлкөдөгү сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Сапаттуу байланыш менен интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү боюнча иштерди азыркы шартка ылайыктап, иш алып баруу керек. Сиздин алдыңызда өлкө аймактары анын ичинде бардык мектептерди интернетке туташтыруу, сапаттуу теле жана радио менен камсыз кылуу милдети турат", — деди Сариев. 

Талкуунун жүрүшүндө премьер 2016-жылдын 10-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча атайын бетачар даярдоону тапшырган.

Тема боюнча

Интернеттин эркиндиги боюнча Кыргызстан 35-орунду ээледи
Кыргызстан Интернет менен калкты камсыздоодо 15 орунга жогорулады — рейтинг
Белгилер:
мектеп, интернет, премьер-министр, Темир Сариев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ