Кыргызстандын бийик тоолуу ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын тоолору. Архив
Кыргызстандын тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болуп муз тоңорун, андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жаап өткөн кардан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош кан унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тоо лыжа базадагы белгилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын жараны Ысык-Көлдө кар көчкүнүн алдында калып каза болду
Министрлик жолдор тайгак болуп муз тоңорун, андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Ал эми бүгүн Бишкек шаарында кар жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Күн 0…2 градуска чейин жылуу болот. 

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0