Айтылуу "Ак шоола" балдар хору 30 жылдык мааракесине чакырат

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүОкуучулар хор ырдоо учурунда. Архив
Окуучулар хор ырдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топту Токтогул сыйлыгынын ээси Гүлмира Эсенгулова түзгөн. Бул жылдардын аралыгында балдардан куралган хор бир катар мамлекеттерде Кыргызстандын желегин желбиретип келди.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Балдардын айтылуу "Ак шоола" хору 30 жылдык мааракесин белгилей турганын топтун мугалими Салтанат Шабданалиева билдирди.

Анын айтымында, салтанаттуу иш-чара үстүбүздөгү жылдын 18-январында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өтөт.

"Мааракенин уюштуруучусу, режиссеру, продюсери — "Ак шооланын" негиздөөчүсү, Токтогул сыйлыгынын ээси Гүлмира Эсенгулова. Жөнөкөй концерт эмес, көрөрмандарга театрлаштырылган оюн-зоок тартууланып, ал туулган күн сыяктуу майрамдалат. Балдар сахнага учурдагы эстрада жана опера жылдыздары менен чыгып, хордун ушул мезгилге чейинки популярдуу болуп калган чыгармаларын ырдашат", — деди Шабданалиева.

Иш-чарага "Ак шооланын" алгачкы бүтүрүүчүлөрү да катышмакчы. Салтанаттуу маараке саат 14.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0