Кыргызстанда товарлар жана тейлөө кызматы сом менен бааланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКийим саттуучу магазин. Архив
Кийим саттуучу магазин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бузуп, чет элдик валюта менен соода кылгандарга административдик жаза каралып, айып пул салынат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында товар жана кызматтардын баасын чет элдик валюта менен баалаган жарандарга жана кызмат адамдарына административдик жаза күчөтүлө турганын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай эреже ишкердүүлүктүн бардык түрлөрүнө тиешелүү болот. Эми кыймылсыз мүлк агенттиктери, авиакомпаниялар, автодилерлер, интернет-провайдерлер, маалымат каражаттары жана мамлекеттик мекемелер бардык бааларды улуттук валюта — сом менен көрсөтүүгө тийиш.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда депутаттын фонду иштей баштайт
Мында тартип бузган жөнөкөй жарандар үчүн 1000 сомдон 5000 сомго чейин, ал эми кызмат адамдары үчүн 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул каралууда.

Тийиштүү токтомдун долбоору учурда даярдалып жатат. 

Буга чейин сомдун курсун турукташтыруу үчүн өкмөт бир катар чараларды иштеп чыгарын билдирген. Ушу тапта Россия менен Казакстандан алып келинген күйүүчү май рубль жана теңге менен эсептелүүдө. Мындан тышкары, курулуш компаниялары менен улуттук валютада келишим түзүү маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0