Кыргызстандагы россиялык телеканалдарга өзгөчө статус берүү сунушталууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТелевизор көрүп жаткан адамдар. Архив
Телевизор көрүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Достук мамиледеги эки өлкөнүн ортосундагы алаканы бекемдөө максатында Россиянын эки телеканалына өзгөчө статус берүү сунушталып жатат. Ага ылайык, каналдардан бир катар чектөөлөр алып салынат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында тарткан россиялык каналдарга өзгөчө статус берүү сунушталып жатканы өкмөттүн эки өлкө ортосундагы массалык коммуникация жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууну жактыруу тууралуу сунушталган долбоордо айтылган. 

Бул документ 1999-жылдын 13-январында кабыл алынган маалымат жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашууну бекемдейт. Максаты — достук мамиледеги эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык байланышты сактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

"Тараптар "Первый канал. Всемирная сеть" жана "РТР Планета" телеканалдарынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер аталган долбоор колдоого алынып калса россиялык каналдардан Кыргызстандын мыйзамы менен чет элдик маалымат каражаттары үчүн киргизилген чектөөлөр алып салынат. Мындан тышкары орус тилин жана орус контентин пайдаланууга коюлган чек жоюлат. Бул учурда каналдардын коммерциялык ишмердүүлүгү кыргызстандык өнөктөштөрдү тартуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу аркылуу ишке ашары каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0