Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМай куйуп жаткан айдоочу. Архив
Май куйуп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ассоциация күйүүчү майга болгон баанын төмөндөшүнө мезгилдик фактор таасир тийгизип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа 1 сомго арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аи-92, Аи-95 жана Аи-98 маркасындагы бензиндин наркы бардык региондордо 1 сомго төмөндөсө, Аи-80 менен суюк газ 50 тыйынга арзандаган.

Күйүүчү майга болгон баанын төмөндөшүнө мезгилдик фактор таасир тийгизип жатканы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0