Атамбаев 2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев. Архивное фото
Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы кеңири масштабда белгиленери айтылган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл тарых жана маданияттын жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта Кыргызстан өзүнүн өнүгүү моделине ээ болуусуна убакыт келгенин, демократиянын жетишкендиктерин демократиялык, адеп-ахлактык жана маданий салты менен айкалыштыруу зарылдыгы айтылат. 

"Өлкөнүн финансы-экономикалык көз карандысыздыгын жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө улуттук руханий кайра жарылышы менен өзөктөш. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү маданияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта", — деп айтылат жарлыкта. 

Манасчы сахнада манас айтып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл жыйынтыгы: маданиятыбыз уучубузду кур койгон жок
Буга чейин 2016-жылы улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы кеңири масштабда белгиленери айтылган. Мындан тышкары Кыргыз автономиялуу облусунун 90 жана Кыргыз ССРинин түзүлүшүнүн 80 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 

Мындан улам президент Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын иликтөө, жайылтуу иштерин жүргүзүү, маданий мурас эстеликтерин сактоо, тарых жана маданият боюнча тасмаларды тартуу тапшырылды.

Жарлык расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Анын аткарылышын көзөмөлдөө президент аппаратынын жетекчисине жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0