2015-жылы Кыргызстанды кайгыртып, дүйнө салган атактуу инсандар

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив
Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиев менен коштошуу церемониясында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл арабыздан Гүлзат Батырканова сыяктуу ырчы, Мукамбет Токтобаев сыяктуу залкар, Табылды Эгембердиев сыяктуу уникалдуу кыргыз кетти. Ич ачыштырган кайсы замандаштарыбыз дүйнө салгандыгын төмөнкү материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Узап бараткан жылы Кыргызстан бир канча белгилүү инсандарынан ажырады. Алардын бир катарлары республиканын өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик ишмерлер болсо, бир катарлары кыргыз интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү эле. Төмөндө катарыбыздан кеткен бул адамдардын жаркын элестерин дагы бир ирет эскерип кетмекчибиз. 

© Наргиза БозжигитоваАдегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды.
Заслуженная артистка Кыргызстана Гульзат Батырканова - Sputnik Кыргызстан
Адегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды.

Гүлзат Батырканова. Адегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды. Сармердендин "шайыр жеңеси" Батырканова 2-январда Караколдо болгон жол кырсыгынан 42 жашында каза болду. 

© Sputnik / Алексей Федосеев / Медиабанкка өтүү16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты.
Александр Мелентьев - Sputnik Кыргызстан
16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты.

Александр Мелентьев. 16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты. 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону, спорттун чебери 62 жашта эле. Мелентьев көп жылдар бою чет мамлекеттерде машыктыруучу болуп иштеп, акыркы жылдары гана Кыргызстанга биротоло келген. Аны замандаштары жоопкерчиликтүү жана адамкерчиилктүү адам эле деп эскеришти. Бул инсан биздин өлкөнүн намысын коргоп, аны чет жактарга таанытууга өзүнүн салымын кошконун белгилей кетишибиз керек. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды.
Гражданская панихида по академику Каипу Оторбаеву - Sputnik Кыргызстан
22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды.

Кайып Оторбаев. 22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды. Бул инсан Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, география илимдеринин доктору, профессор болгон. Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык иликтөөлөр борборунун жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана божомолдоо бөлүмүн бир топ жыл жетектеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Аны мыкты футболчу катары да билишет, 1950-жылдары Москванын атактуу "Спартак" командасынын чабуулчусу катары белгилүү болгон. Замандаштары Оторбаевди өтө интеллигенттүү жана ишин мыкты билген мамлекеттик кызматкер катары эскеришет

© Фото / Сейитбек ИдирисовЖаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду.
Рахат Ачылова - Sputnik Кыргызстан
Жаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду.

Рахат Ачылова. Жаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду. Ал көп жылдар боюнча Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтутун ректору, Айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.

Ачылова илимий эмгектерин негизинен үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданиятын, изилдөөгө арнаган. 

© Фото / пресс-служба НОКУлуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду.
Президент Национального Олимпийского Комитета Мурат Саралинов - Sputnik Кыргызстан
Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду.

Мурат Саралинов. Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду. Ал Эсептөө палатасын, эркин күрөш федерациясын жетектеген. КРдин Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп иштеген. Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болгон. Көзү өткөн соң Россия президенти Владимир Путин тарабынан 2014-жылы Сочиде өткөн XXII кышкы Олимпиада жана XI паралимпиадалык оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн медаль менен сыйланган

Табылды Эгембердиев. 16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду.
Табылды Эгембердиев в фотографиях: планов много, но боюсь не успеть - Sputnik Кыргызстан
16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду.

Бул адам 1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеп, улуттук бизнесте алгачкы саамалыкты баштаган. "Супарасы" менен көптөргө үлгү болгон. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымаланып киришип, өлкөбүздө эле эмес, региондо сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөп, ийгилигин арттырган

Кенжалы Сарымсаков. Кыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду. Сарымсаков көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген. 

© Елена ВоронинаКыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду.
Кенжалы Сарымсаков. Өмүр баяны - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду.

Кийин ардактуу эс алууга чыккан соң жаш журналисттерге кеп-кеңештерин берип, кесиптик тажрыйбаларынан үйрөтүп, кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларды уюштуруп келген. 

Жеңишбек Райымбаев. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү алп адамдардын катарын толуктаган ак-талаалык Жеңишбек Райымбаев 1-июнда 36 жашында оорудан каза тапты. Өкүнүчтүүсү — бул уникалдуу адамга өзүнүн мекенинде тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөгөндүктөн, мезгилинен эрте кетти. Ал акыркы күндөрүн өзү туулган айылда кабылдап кеткен оорусу менен алпурушуп, төшөктө жатып өткөрдү.

Райымбаевдин бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 150 килограммга жакындап барган. Кийин саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу абалы начарлап, салмагы түшө баштаган. Ага президент тарабынан стипендия бөлүнүп, бирок, Жеңишбек аны колуна алганга үлгүргөн жок. 

Деңизбек Чалапинов. 18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапинов 83 жашында каза болду. Ал Эл артисти наамын мындан беш жыл мурда гана алган. 

© пресс-служба киностудии "Айтыш"18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапидинов 83 жашында каза болду.
Народный артист Кыргызстана Денизбек Чалапинов - Sputnik Кыргызстан
18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапидинов 83 жашында каза болду.

Чалапинов "Отелло", "Оптимисттик трагедия", "Курманбек" чыгармаларында, жалпысынан театр сахналары менен киноэкранда150гө чукул роль ойногон. Аны менен иштешип калгандар башкалардан айырмаланган "эркиндиги" жана өзүнүн ролду дароо түшүнө билген өзгөчөлүгү бар экендигин айтышат. Ал актердук билимин Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театралдык институттан алган. 

© Тынчтык ТурдалиевБыйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду.
Народный артист Кыргызстана Мукамбет Токтобаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду.

Мукамбет Токтобаев. Быйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 68 жаштагы актерунун өмүрүн жол кырсыгы алып кетти. Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген. Залкарлардын акыркы муундарынан болгон бул инсанды акыркы сапарга узатууда кесиптештери көз жашын токтото алган жок. 

© Фото / предоставлено пресс-службой аппарата президента КРКөрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду.
Батыш Салиева - Sputnik Кыргызстан
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду.

Батыш Салиева. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду. Бул адам 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Анын эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган. 

© Александр ФедоровКыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду.
Народный артист Кыргызстана Кадыржан Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду.

Кадыржан Кыдыралиев. Кыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду. Бул таланттуу адам биринчи тасмасынан эле кино дүйнөсүнө таанылган. Кыргыз киносунун классикасына айланган "Тайгак кечүү", "Жамийла", "Көк жал", "Бакайдын жайыты", "Уркуя" жана дагы көптөгөн республикалык жана дүйнөлүк масштабдагы тасмалардын оператору болгон. Кыргыз киносунун ардагери операторлук иши менен СССР ичинде гана кеңири белгилүү болбостон, көптөгөн чет элдик фестивалдарда таанылып, алардын лауреаты болуп келген. 

© из семейного архива ЮсуповыхТүрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды.
Заслуженный деятель культуры Майрам Юсупова - Sputnik Кыргызстан
Түрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды.

Майрам Юсупова. Түрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды. Юсупова элчи, экс-мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун жубайы эле. Ал Бишкек Гуманитардык университетинде япон тилинен сабак берип, кийинчерээк бир топ жыл Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жетектеген. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчисинин орун басары болгон. Бир нече илимий макалаларды жазып, кыргыз-япон сөздүгүн түзгөн. Ал эми Жубайы Ишенбай аба 2014-жылдын 24-апрелинде 77 жашында дүйнөдөн кайткан. 

© Предоставлено Центральным Госархивом КРКыргыз эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду.
Т.У.Усубалиев с букетом - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду.

Турдакун Усубалиев. Кыргыз Эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду. Бул инсан 1961-1986 жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиянын биринчи катчысы болуп иштеген. Чейрек кылымга жакын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бул инсандын айланасында оң дагы, терс дагы пикирлер айтылып, баа берилип келет. Кандай болгон күндө да Усубалиев Кыргызстандын тарыхындагы салмактуу тарыхый фигуралардын бири катары кала берет. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон.
Панихида по писателю Казату Акматову - Sputnik Кыргызстан
14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон.

Казат Акматов. 14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары сахнага коюлган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. 

Урмат Саралаев. Дипломат Урмат Саралаев 69 жашында 14-сентябрда кайтыш болду. Анын акыркы элчилик кызматы Кыргызстандын Тажикстандагы дипломатиялык миссиясына өткөн. 

СССРдин Чойбалсан шаарындагы Башкы консулдугунда эмгектенген. Орус, өзбек, немис жана монгол тилдеринде эркин сүйлөгөн. Өмүрүнүн акыркы жылдары ТИМдин дипломатиялык академиясынын проректору болуп иштеген. 

Эрмек Мойдунов. Кыргыз Эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты. Чыгаан артистти замандаштары 71 жашында акыркы сапарга узатты. 

© пресс-служба Минкультуры КРКыргыз эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты.
Народный артист Эрмек Мойдунов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты.

Ал кыргыздын классикасына айланган "Сары-Ой", "Эне жөнүндө баллада", "Күйдүм чок", "Сары-Челек" ырларын мыкты аткарган кыргыздын алгачкы тенор үндүү ырчыларынын бири. Мойдунов 21 жашынан баштап филармонияда иштеп, Зейнеп Шакеева, Рыспай Абдыкадыров, Гүлмайрам Момушева сыяктуу залкарлар менен эмгек жолун баштаган. 

Барчынбек Бугубаев. Ушул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду. 

© из семейного архива БугубаевыхУшул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду.
Поэт Барчынбек Бугубаев - Sputnik Кыргызстан
Ушул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду.

Анын поэзиясы менен кыргыз окурмандары 1980-жылдардан тарта тааныша баштаган.

Кыргыз мамлекеттик универститетинин филология факультетин аяктап, ошол эле жерде лингвистика кафедрасында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын адабият бөлүмүн жетектеген. "Ак бороон", "Адамзатка кайрылуу" жыйнактарынын автору. 

Талгат Асранкулов. Художник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду. 

© Хасан КыдралиевХудожник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду.
Режиссер и сценарист Талгат Асыранкулов  - Sputnik Кыргызстан
Художник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду.

Алгач, Бишкекте, кийин Москва шаарында кино өнөрү боюнча билим алган Асранкулов бир топ кинолордун жаралышында зор салымын кошкон. Анын колунан "Үйүң кайда, үлүл", (Кыргызстан), "Карга чулганган айлана" (Өзбекстан), "Шиза" (Россия-Казакстан), "Монгол" (Россия-Германия-Казакстан), "Свет аке" тасмалары чыккан.  

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду.
Похороны Жумагул Нусуповой - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду.

Жумагүл Нусупова. Мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду. Нусупова кыргыз маданиятынын, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн калыптанышына чоң салымын кошкон. Ал Күлүйпа Кондучалова, Сагын Бегматова, Роба Абдысаматовалар менен бир катарда туруп, жетекчиликте иштеген кыргыз кыздарынын бири болгон. 

Бектен Абдылдаев. 8-декабрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Бектен Абдылдаев капысынан дүйнө салды. 75 жаштагы театр ишмери эртең менен стадиондо чуркап жүргөндө жүрөгү кармап, "Тез жардам" ооруканага жеткирген. 1975-жылы Москва институтунун маданият бөлүмүндөгү режиссура факультетин аяктап, кезинде Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын негизделишине, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өмүрүнүн акыркы жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жүргөн.

Жаткан жериңер жайлуу, ыйманыңар саламат болсун, залкарлар. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына, искусство менен маданиятынын, экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып кала берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0