Жаңы жылда кар Кыргызстандын түштүк облустарына гана жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар тургундары кар жаап жаткан учурда. Архив
Шаар тургундары кар жаап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Кар республиканын айрым аймактарында гана жаайт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Майрам түнү Кыргызстанда кар жаап, же өтө күн суук аба ырайы күтүлбөйт жана —1…-6 градус суук болот. Бул тууралуу "Кыргызгидрометти" метеобожомол боюнча башкы адиси Уулкан Суеркулова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жана түштүк аймакта күн +5…+10 градуска чейин жылуу болот.

"Майрам түнү кар Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым аймактарына жаайт", — деди Суеркулова.

Салют. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда "Ала-Тоо" аянтында 1,5 миң ирет салют атылат
Ал эми 1-январда күндүз +5 градуска чейин жылыйт, ал эми түндө —6…-12 градуска чейин суук болот.

Быйыл 31-декабрда рекорддук көрсөткүчтөр катталбай турганын Суеркулова кошумчалады. 

Белгилей кетсек, 1954-жылы 31-декабрда —25,5 градус суук болсо, 2001-жылы майрам түнү аба ырайы +14,3 градус жылуу болгон.

31-декабрда кайда эс алып, Аяз атага кантип жолугуп, майрамдык салютту кайдан көрүү керектигин Sputnik инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0