Жаңы жылда "Ала-Тоо" аянтында 1,5 миң ирет салют атылат

Жазылуу
Майрамдык фейерверктин бийиктиги 30дан 150 метрге чейин барат. Пиротехниктер атайы замбиректерди жана жабдууларды колдонот.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Ала-Тоо" борбордук аянтында болуучу жаңы жылдык салют 8-10 мүнөткө созулуп, кичинеден чоңго карай принциби менен түзүлө турганын Sputnik агенттигине "Росалют" компаниясынын өкүлү Евгений Красный билдирди.

Пиротехника сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция жаңы жыл алдында пиротехника сакталган жайларды текшерүүдө
Буга чейин шаардык мэрия жаңы жылда майрамдык оюн-зоок тартууланарын, ал фейерверк менен аяктай турганын маалымдаган.

Красныйдын айтымында, салютта 1,5 метр бийиктиктеги пиротехникалык замбиректер пайдаланылат. Алгач 30-40 метрге чейин жеткен салюттар атылып, андан соң алардын бийиктиги өсө бермекчи.

Жаңы жылдык оюн-зооктун туу чокусу болуп желпүүр сымал түзүлүштөн атылган эки салют болмокчу. Анын ар биринен 650 ирет салют атылат.

"Бул "алтын таажы" деп аталат. 20 секунддун ичинде 1300 ирет атылмакчы", — деди Красный.

Андан кийин асманды ажайып кооздукка бөлөгөн нерселер болорун кошумчалап, жылдыз, жамгыр жана хризантемаларга окшош шарлар асманга кое бериле турганын айтты.

Бул убакыттын ичине салют 1,5 миң ирет атылат.

Бишкеке мэриясы тарабынан 31-декабрга карата уюштурулган иш чаралар жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0