Жыл мыктылары-2015: Атамбаев менен Салянова "Жыл адамы", Каптагаев мыкты губернатор

Жазылуу
Кыргызстандагы мезгилдүү басылмалар жыл жыйынтыгын чыгарып "Жыл мыктыларын" аныкташууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы гезит-журналдар жыл жыйынтыгын чыгарып, бир катар мамлекеттик жетекчилерге, саясатчыларга деги эле элдин көзүндө жүргөн адамдарга "Жыл мыктысы" наамдарын ыйгарышууда.

Беш өрдөк: Ак үйдү шынаарлаган Үмөталиева жана тарай турган "Кыргызстан" партиясы
"Жыл мыктысы" наамына татыгандардын арасында өлкө башчы Алмазбек Атамбаевден тарта айыл өкмөт башчыларына чейин бар.

"Жыл мыктысы" болгон айрым адамдар менен байланышып, кайсы эмгеги үчүн бул сыйлыкка татыктуу болгонуна кызыктык.

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага жети ЖМК "Жыл мыктысы" наамын бергенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маегинде билдирди. Алардын катарында "Ачык саясат" гезити жана "Жетиген" журналдары бар.

"Бул наамдар 2015-жылдын жыйынтыгы менен чыгарылып, ыйгарылып жатат да. 4-октябрга чейин мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштедим. Үйдө отурсам да мага "Жылдын мыкты депутаты" наамын бергенине ыраазымын жана рахматтан бөлөк эч нерсе айта албайм. Беш жыл бою мен балык депутат болуп отурганым жок. Элге колуман келген кызматты кылдым. Андыктан бул асмандан эле алып берилген жок. Жаңы шайланган депутаттардын иштегенине эки ай дагы боло элек, алардын ичинен кимисин мыкты деп табышат? Мыктыларга мурдагы чакырылышта иштегендер эле татыктуу болбосо жаңы депутаттар али элге кызмат өтөй элек", — деди экс-депутат.

Столдогу гезиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: Ташиевди иттей тепкилегенге күчү жеткен Абдраимов, ээрден шыпырылчу Турганбаев
Нарматова парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы менен катышып, өзүнө бөлүнгөн аймактан 9,5 миң добуш алганын кошумчалады. Тилекке каршы партия шайлоодон өтпөй калгандыктан депутат болбой калганын айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кеминде эле эки гезиттин тандоосу менен ("Майдан", "Де-Факто") "Жылдын мыкты министри" аталды.

Министр бул наам ага кайсыл эмгеги үчүн берилди деген Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроосуна "аны ошол гезиттерден сураган туура болсо керек" деп жооп кайтарды.

"Мен буга комментарий берсем туура эмес болуп калат. Аны ошол наамды бергендерден сураш керек. Чынында биздин жасаган иштер көп, ошентсе да мен муну жасадым, же тигини жасадым деп мактанбайм", — деди министр.

"Жыл мыктыларынын" катарында маданият ишмерлери менен ырчылар да бар. Алар эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева, Фарида Карбозова, Абидин Темиров жана куудул Борончу Кудайбергенов бар.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева өз тармагында быйыл бир катар ийгиликтерди жаратканына мындайча токтолду.

"Быйыл төрт чет мамлекетке барып Кыргызстанга гран-прилерди алып келдик. Гезиттер да "Мыкты" деген наамды берүүдө ушуларды эске алса керек", — дейт Иманалиева.

Айрым гезиттердин тандоосу боюнча жыл мыктыларынын катарында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана президент Алмазбек Атамбаев "Жыл адамы" болсо, Мелис Турганбаев – мыкты министр, Алтынбек Сулайманов – мыкты саясатчы, Абдил Сегизбаев – мыкты жетекчи жана Эмилбек Каптагаев – мыкты губернатор аталышты.

Өтүп бара жаткан 2015-жылдын башкы окуяларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0