2015-жылы чоңдордун колунан 16 баланын өмүрү кыйылган

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүӨспүрүм бала. Архив
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл балдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча 922 кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бычакталып каза болгон 10 жашар кыздын сөөгү жана катуу жаралган 7 жаштагы бала табылган. Милициянын маалыматы боюнча балдар үйдө жалгыз калганда атасынын жездеси келип аларды сабап салган деп шектелүүдө. Бул окуя коомчулукта катуу талкууга жем таштады.

2015-жылдын 11 айында жаш өспүрүмдөргө жасалган зордук-зомбулук боюнча 922 кылмыш иши козголгонун ИИМдин Өспүрүмдөр именен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдрахманов Sputnik агенттигине билдирди.

Балдарды Бишкектен уурдап кетүү оңойбу? – социалдык эксперимент
Маалыматка ылайык, балдарга Чүй облусу менен Бишкек шаарында кордук көп көрсөтүлгөн. Пайыздык катыш боюнча жасалган кылмыштардын 66 пайызы Чүй менен Бишкекке туура келсе, башка аймактарда бул көрсөткүч 34 пайызды түзөт.

Абдрахманов 922 кылмыштын ичинен 171и сексуалдык мүнөздө болуп, андан 29 эркек бала жана 142 кыз жапа чеккенин кошумчалады.

Ал эми 11 айдын ичинде 16 жаш бала зордук-зомбулуктан каза болгон. 

Sputnik маалымат агенттиги жыл ичинде төбө чачты тик тургузган окуяларды эске салат.

Өз балдарын мыкаачылык менен өлтүргөн аял

2015-жылдын 15-февралында милиция кичинекей балдарын өлтүрдү деп шектелген аялды кармаган. Милиция окуя болгон жерге барганда үйдөн кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар 3 жашар эркек баланын, 4 жашар кыз баланын өлүгүн тапкан. Ал шаардагы №44 мектепте англис тили мугалими болуп иштеген аял Республикалык психиатриялык борбордо каттоодо турган.

Кызды отко кактап, сабап өлтүргөн өгөй ата

Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда өгөй кызын эки жыл мурда отко кактап, сабап өлтүргөн ата сөрөйгө кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 2013-жылы март айында эки жаштагы Раяна оорудан өлдү деп жерге берилген. Бирок наристе башка жагдайда каза болгонун Жалал-Абад ОИИБдин милиция кызматкерлери аныкташкан. Милициянын маалыматы боюнча өгөй ата ыйлаган наристенин башын мешке кактап, колу менен башка-көзгө чапкан. Эс-учун жоготкон наристе ур-токмокко чыдабай жан берген. 

Оозу скочтолуп, колу байланган беш жашар баланын сөөгү

Мас болгон ата төрт жашар уулун кантип жоготуп алганын айтып берди
Ош облусунун Араван районунда дайынсыз жоголгон беш жашар баланын денеси өз айылындагы жүгөрү талаасынын табылган. Ал 22-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Короодо тамеки чегип жаткан 9-класстын окуучусун беш жашар бала көрүп калып, ата-энесине айтам деген. Окуучу аны коркутуп коём деп колун байлап, оозун скотч менен чаптаган. Бирок беш жашар бала тумчугуп калганда, сөөгүн огородго көөмп салган. 

Алтын сөйкөгө бааланган өмүр

25-сентябра Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында музыкалык мектептен үйүнө кайтып келе жаткан 6-класстын окуучусу муунтуп өлтүрүлгөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында укук коргоо кызматкерлери тестиер кыздын өлүмүнө шектүү катары мурда алты жолу түрмөгө отуруп чыккан 35 жаштагы жаранды колго түшүрүшкөн. 18-сентябрда боштондукка чыккан кылмышкер кыздын алтын сөйкөсүн жана телефонун алып, болгону 1000 сомго күрөөгө койгон. 

Таяжесинин таягына каза болгон өспүрүм

Ал эми декабрь айынын башында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну убактылуу багып жүргөн жети жашар Тахминаны сабап, таяктын уусунан кыз эртеси 8-декабрда каза болгон. Ал мектепке бара жатканда жолдон кулап калган, анын жансыз денеси райондук "Тез жардам" бөлүмүнө алып келинген. 

Таежеси делген 46 жаштагы аял күйөөсү менен эшиктен чатакташып келип, ачуусу менен кызга кол көтөргөндүгүн айтат. 

"Отуруштан келдик эле, күйөөм ичип алган. Жолдон ага жиним келип, сабактан жетишпейсиң деп ачуум менен кызды уруп койгом", — деди өлгөн кызга кол көтөрдү деп камакка алынган аял.

Ал эми 46 жаштагы аял КРдин Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалды.

Акча үчүн садага чабылган Даниел

Эс-учун жоготуп каза болгон жети жашар Тахмина. Солкулдап ыйлаган таеже
Бул окуядан көп узабай эле 10-декабрда "Ак-Босого" жаңы конушунан жети жашар Даниелди Майрам аттуу аял "апаң жиберди" деп алдап, наристени автобуска салып Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып кеткен. Ал жерден димедрол аралашкан суусундук менен тойгузган. Көп өлчөмдөгү дарыны көтөрө албай Даниэл каза болуп калган. Баланы өлтүрүүгө шектелген 39 жаштагы Майрам баланын апасынан акча өндүрүүнү пландаган. Ага 150 миң сом даярдап кой же болбосо балаңды көрбөйсүң таризинде СМС жөнөткөн.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында балдарга карата зордук-зомбулук кылган педофилдерди бычуу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0