Статкомитет: быйыл буудай менен арпанын түшүмү мол

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмүн жыйноо. Архив
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылы дан азыктары менен жашылча былтыркыга караганда көп жыйналса, мөмө-жемиштерден тескерисинче азыраак түшүм алынган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп айыл чарба өсүмдүктөрү жыйналганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Өкмөт башчы айыл чарбасын заманбап технология менен өнүктүрүү керектигин айтты
Маалыматка ылайык, былтыр бир гектардан 18,3 центнер буудай алынса, быйыл бур көрсөткүч 25,7 центнерди түзгөн. Ал эми арпа өткөн жылга салыштырмалуу гектарынан 7 центнерге көп жыйналган.

Мындан тышкары, 1,4 миллион тонна картошка жана бир миллион тоннадан ашуун жашылча казылып алынган. Бул былтыркыга караганда 15,8 пайызга көп экени белгилүү болду.

Ал эми республика боюнча 209,4 миң мөмө-жемиш жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 11,8 пайызга төмөн көрсөткүчкө жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0