Кыймылдагы кыймылсыз мүлк. Батирлерди чет элдиктерге сатуу сунушталууда

Жазылуу
Кыргызстанда чет элдиктердин кыймылсыз мүлккө ээ болуу тартибин жеңилдетүү сунушталып жатат. Бул турак жайга жана коммуналдык батирлерге тиешелүү болот.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Юстиция министрлиги Турак жай кодексине чет элдиктердин Кыргызстанда үй сатып алуусун жеңилдете турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. 

Буга чейин чет элдик жарандар тармактык комиссиянын уруксаты менен гана сатып ала алышкан. Андан кийин өкмөт бизнес климатты жакшыртуу үчүн комиссияны жоюп салган. Бирок Турак жай кодексинде аталган органдын уруксатысыз чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салынган норма калып калган. Юстиция министрлиги дал ушул бөлүктү алып салууга чакырып жатат.

"Мындай аракет юридикалык жактарга жана чет элдик жарандарга турак жай сатып алуудагы тоскоолдуктарды жет. Алар кыргызстандык жарандар сыяктуу эле турак жай сатып алып, аны өзү каалагандай пайдалана алат", — деп айтылат мыйзам долбоордо.

Мында батир, коммуналдык турак жай жана бөлмө сатып алууну жеңилдетет. Бирок мыйзам боюнча жеке үйлөрдү сатып алууга кандайдыр бир чектөөлөр коюлат, анткени мындай турак жайлар жер тилкеси менен байланыштуу болот. Ал эми Кыргызстандыктарга чет элдиктердин жер тилкесин сатып алууга тыюу салынганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0