Быйыл өлкөдө Кыргызстандын ар бир жаранына жеткидей бут кийим тигилген

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБут кийим дүкөнү. Архив
Бут кийим дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эркектердикине салыштырмалуу аялдардын кийими көп тигилет. Ал эми өлкөдө быйыл тигилген бут кийимди эсептей келгенде, өлкөнүн ар бир жаранына бирден туура келет экен.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл өлкө калкынын ар бирине жеткидей бут кийим тигилген. Бул тууралуу Улуттук статитисткалык комитетинин 10 айдын жыйынтыгы боюнча чыгарган отчетунда айтылат.

Кыргызстанда сууга чайынып алуу мүмкүнчүлүгү алты жарандын бирөөндө гана бар
Аталган комитеттин маалыматы боюнча, 10 ай ичинде өлкө аймагында алты миллион жуп бут кийим тигилген. Быйыл Кыргызстандын калкы алты миллион болгонун эске алганда, ар бир жаран жылаңайлак калбагыдай тапичке, чокойлор тигилген десек болот. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде алардын саны 3,6 миллион гана болгон экен.

Ошондой эле, эркектер менен аялдарга тигилген кийимдердин арасында кыз-келиндердики басымдуулук кылат. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 16,8 миллион даана кийим аялдарга тигилсе, эркектердики болгону 2 миллион 178 миңди түзөт.

Эң азы жумушчулар үчүн тигилиптир, алардын саны 46 миң даанага барабар.

Жаңылыктар түрмөгү
0