Moody's жана S&P биринчи жолу Кыргызстанга көз карандысыз кредиттик рейтинг берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКредит банкынын кызматкери. Архив
Кредит банкынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык рейтингдик агенттиктер Кыргызстанга туруктуу алдын ала божомолдоолор менен "В2" жана "В" кредиттик рейтингдерин беришти.

БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Moody's жана S&P эл аралык рейтингдик агенттиктер Кыргызстанга "В2" жана "В" көз карандысыз кредиттик рейтинг беришти деп билдирди жума күнү өлкөнүн Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы.

Мурдараак аталган мекеме өлкөгө кийинки кредиттик рейтингди ыйгаруу үчүн коопчулуктарды изилдөө жана талдоо менен алектенүүчү эл аралык рейтингдик агенттиктердин "чоң үчтүгүнө" кирүүчү Moody's Investors Service жана Standard & Poor's эл аралык рейтингдик агенттиктери менен макулдашууларга кол койгон.

"Республика туруктуу алдын ала божомолдоолор менен "В2" жана "В" кредиттик рейтингдерин алды. Аталган рейтинг, Экономика жана өнөр жай министрлигинин пикиринде, өлкөнүн учурдагы экономикалык абалын чагылдырат жана аны андан ары структуралык өзгөртүүлөр жана экономикалык реформалар жолу менен жакшыртуу үчүн көрсөткүч болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомствонун пикиринде, кредиттик рейтинг алуу жалпы экономикалык таасирден тышкары конкреттүү банктарга жана ишканаларга оң таасир тийгизет. Өлкөнүн каржы институттары үчүн бул — "узак" жана арзаныраак каржы ресурстарын тартуу мүмкүнчүлүгү, ишканалар үчүн тышкы каржы рынокторунда өзүнүн корпоративдик облигацияларын жайгаштырууга негиз болуучу корпоративдик рейтингдерди алуу мүмкүнчүлүгү.

"Дүйнөлүк ири инвесторлор жаңы рынокко кирүүдө Moody's Investors Service жана Standard & Poor's сыяктуу ири агенттиктердин аналитикалык маалыматтарын жетекчиликке алат, бул өлкөнүн коопчулуктары жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө анык жана так маалымат берет", — деп белгилешти Экономика жана өнөр жай министрлигинен.

Кредит компаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: кредиттик компаниялар ишсиз калып, соттордо насыя боюнча доо процесстери арбыды
Moody's агенттиги тарабынан берилүүчү узак мөөнөттүү милдеттемелердин рейтингдери бекитилген кирешелүү баштапкы карызын жоюу мөөнөтү бир жыл жана андан көп салыштырмалуу кредиттик тобокелчилик жөнүндө пикирлер болуп эсептелет. Алар кайсы бир каржылык милдеттеме убада кылынгандай аткарылбашы мүмкүндүгүн чагылдырышат. Мындай рейтингдер Moody's глобалдык (эл аралык) мамыча боюнча берилет жана дефолт же дефолт болгондо кандайдыр бир каржылык жоготуулар мүмкүнчүлүгүн чагылдырат. Ар бир рейтингдик категорияга — Аадан Саага чейин кошо — Moody's агенттиги сандык 1, 2 жана 3 модификаторлорун кошот. 1 модификатор 1 аталган милдеттеме өзүнүн жалпы рейтингдик категориясынын жогорку бөлүгүндө турганын көрсөтөт; 2 модификатор диапазондун ортосундагы абалды көрсөтөт, 3 модификатор милдеттеме өзүнүн жалпы рейтингдик категориясынын төмөнкү бөлүгүндө турганын көрсөтөт.

S&P узак мөөнөттүү рейтингдер эмитенттин өз милдеттемелерин өз убагында аткаруу жөндөмүн баалайт. Компания тарабынан коюлуучу рейтингдик баалар тамгалай белгиге ээ: өтө ишеничтүү эмитенттерге ыйгарылчу AAA баадан тартып, дефолт жарыялаган эмитентке ыйгарылуучу D баага чейин. AАдан СССке чейинки рейтингдер аралыктык баалар үчүн кошуу жана минус белгилери менен толукталышы мүмкүн (мисалы, BBB+, BBB жана BBB-).

Жаңылыктар түрмөгү
0