УКМКнын версиясы боюнча коррупцияга кокосунан баткан мекемелердин рейтинги

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана АКШ доллары. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баарынан көп кылмыш иштери январь-ноябрь айларында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы козголгон.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы үстүдөгү жылдын 11 ай ичиндеги өз ишинин жыйынтыктары боюнча билдирүү таратты. 

Ушул маалыматтардын негизинде Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстанда эң коррупцияланган ведомстволордун рейтингин түздү.

  1. Укук коргоо органдары. Күч кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштердин саны өткөн жылдан бери 20 пайызга өсүп, 73тү түзгөн. 
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Быйыл муниципалдык бийликтердин кызматкерлерине каршы 61 кылмыш иши козголгон. 
Коррупция менен күрөшүү бий менен белгиленди. Бишкекте флешмоб өттү
Жылуулук-энергетикалык комплекс — 27 кылмыш иши ачылган. Былтыр болсо 20 эле кылмыш иши козголгон.
  • Мамлекеттик салык кызматы — 25 кылмыш иши, өткөн жылкыга караганда 9 көрсөткүчкө жогору.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы — 11 айда 19 кылмыш иши козголгон.
  • Мамлекеттик бажы кызматы — 18 иш. Бул бир жыл ичинде мыйзам бузуулар 35 пайызга кыскарган жалгыз ведомство.
  • УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, ар бир үчүнчү шектелүүчү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланат, ар бир алтынчысы мамлекеттик мүлктү короткон, ар бир жетинчи кылмыш иши пара талап кылганы үчүн козголгон. 
  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттин бюджетине 273 миллион сомду кайтарган.

    2015-жылдын 11 айында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларынын дарегине 3 249 адам кайрылган.

    Бүгүн, 9-декабрь — Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Ал БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясы кабыл алынгандан кийин белгиленип келет.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0