12:30 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
СССРсиз чейрек кылым (13)
99010

Борбор калаабыз дайыма эле ушундай көрүнгөн эмес. Sputnik агенттиги сүйүктүү борборубуздун көчөлөрүнүн, имараттарынын мурдагы сүрөттөрү менен азыркы көрүнүшүн салыштырып сүрөттөр түрмөгүн даярдады.

Борбор шаардын эски сүрөттөрүн фотограф Александр Федоров тарткан.

"Түштүк дарбаза" архитектуралык комплекси – бул кыш менен салынган эки үй. Ал 8чи жана 10-кичи райондор бүткөн жерде жайгашкан. Алар күзгүнүн чагылышындай салынып, 125 батирге ылайыкталган. Дубал бетиндеги көлөмдүү сүрөттүн бийиктиги 14 метр, туурасы 10 метрди түзөт. "Түштүк дарбазасынын" майрамдык ачылышы 1979-жылы 7-ноябрда болгон.

Борбор калаанын аэропортуна биринчи учак 1974-жылы октябрда келип конгон. Ил-62 учагынын ичинде СССР министрлер кеңешинин төрагасы А.Н. Косыгин болгон. 1975-жылы 4-майдан тарта  Москвага такай учкан ачылган. 1981-жылы октябрдан баштап эски аэропорттун функциялары  жаңы "Манас" аэропортуна берилген.

Совет көчөсүнүн Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы курулуштар 70-жылдары салынып баштаган.

Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүндөгү тогуз кабаттуу үй 1979-жылы курулган. Имаратта совет мезгили учурунда атактуу болгон "Ысык-Көл" дүкөнү жайгашкан.

Чүй проспектисиндеги (Мурдагы Ленин проспектиси) көп кабаттуу үй 1974-жылы курулган.

Борбордук почтамттын жаңы имараты 1984-жылы Чүй проспектиси (Ленин проспектиси) менен Абдрахманов (Совет көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишине салынган. Архитектуралык комплекске шаардык телефон байланышы менен саат коюлган мунара да кирет.

Буга чейин бул мейманкана "Кыргызстан" деп аталган. Анын имараты 1965-1970-жылдары архитектор Елена Писарскаянын долбоору менен курулган.

1963-жылы биринчи жолу Советтик Кыргызстанда "Россия" кинотеатры курулган. Чоң залга бир убакта 800 көрүүчү баткан.

70-жылдардын башында Фрунзедеги телеграф менен республикалык эл аралык телефон станциясы ишке кирген.

Азыркы Улуттук банк жайгашкан имарат 1959-жылы курулган. Ал СССРдин мамлекеттик банкынын Кыргыз ССРиндеги конторасы үчүн салынган.

Кайталангыс  архитектуралык комплекс Кыргызстандын маданияты менен таанышуу жана эс алуучу парк катары 1995-жылы курулган.

Өткөн кылымдын 80-жылдары Фрунзе шаарында дүкөндөрү менен 16 кабаттан турган үй салынган. 

Тема:
СССРсиз чейрек кылым (13)

Тема боюнча

Бишкек 137 жашка чыкты: сүрөттөрдө калган шаардын курулуш тарыхы
Ностальгияга салган Фрунзе жана азыркы Бишкек
"Айчүрөккө" 41 жыл. Өлкөнүн башкы соода борборунун белгисиз сүрөттөрү жана фактылары
Белгилер:
курулуш, Сүрөт, Тарых, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ