Изилдөөчүлөр 2050-жылы Кыргызстандын элинин саны 11,6 млн. адамга жетерин болжолдоп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтындагы элер. Архив
Ала-тоо аянтындагы элер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун маалыматы боюнча калктын жигердүү өсүүсү Кыргызстан жана Тажикстанда байкалат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Борбордук Азия калкынын саны 2050-жылы 96 миллионго жете турганын Улуттук стратегиялык изилдөө институту билдирди.

Эл аралык PRB (Population Reference Bureau) уюмунун божомолу боюнча 2050-жылы кыргызстандыктардын саны 11,6 миллионго жетет. Институттун директору Талант Султановдун айтымында, мындай жакшы көрсөткүч өлкөдө экономикалык жана саясий туруктуулук өкүм сүрө баштаганынан кабар берет.

Көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети миллионунчу кыргызстандык Жердин сегиз миллиардынчы жашоочусу болушу мүмкүн
Тажикстан менен Өзбекстандын да калкынын саны бир топ жогорулайт. 

Ал эми Казакстанда элдин саны 24 миллионго жетери айтылууда. Жергиликтүү эксперттердин айтымында, буга мамлекеттин үй-бүлөлүк баалуулуктарга басым жасаган идеологиясы менен катар жаш жубайларга көрсөтүлгөн материалдык жардам да өбөлгө болмокчу.

Түркмөнстандын демографиялык көрсөткүчү 2050-жыга карата кескин өзгөрүүлөргө учурабай турганы маалым болду.

Учурда Кыргызстанда калктын саны алты миллионго жетти. "Мааракелик" бөбөк үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында жарыкка келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0