Сатылып жаткан товарлардын баалары сом менен гана көрсөтүлүшү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда сатылып жаткан кийимдер. Архив
Базарда сатылып жаткан кийимдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика жана өнөр жай министрлигининен билдиришкендей, сатып алуучулар үчүн товардын баасы сом менен көрсөтүлүшү керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өлкө аймагында сатылып жаткан товардын баасы милдеттүү түрдө сом менен көрсөтүлүшү керектигин Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Авто базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: турак жай жана унаалар сом менен сатылышы керек
Министрликтен билдиришкендей, "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" КР мыйзамынын 9-беренесине толуктоо киргизилгенин эскертет.

Киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Кыргызстандын аймагында сатылып жаткан бардык товардын баасы милдеттүү түрдө сом менен көрсөтүлүшү керек.

Буга чейин өкмөт башчы Темир Сариев кыймылсыз мүлктү жана автоунааны соодалоо бир гана сом менен жүрүшү керектигин билдирген болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0