Жең ичинен сүйлөшүп айдоочулук күбөлүк алам дегендердин жолу буулат

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочулук күбөлүк үчүн мукаба. Архив
Айдоочулук күбөлүк үчүн мукаба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа күбөлүк алуучулардын шарт-талапка ылайык автомектептен окуп билим алууга милдеттендирет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бир жуманын ичинде "айдоочулук курамды тестирлөө" автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүнү тапшырганын аталган мекеме билдирди.

Мында автомектепте окугандардын милдеттүү түрдө каттоодон өтүүсү каралган. Каттоо кызматы бул автомектептердеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга да өбөлгө болорун белгилейт. 

Мектептер окуй тургандардын тобун түзүүдө айдоочулук күбөлүк ала тургандардын тизмеси жазылган онлайн форманы толтурушу шарт. Бул тизме автоматтык түрдө системанын маалымат базасында сакталып, өзгөртүлбөйт.

"Система айдоочулук күбөлүктү тез арада даярдай салуунун алдын алат", — деди Сарпашев.

Бул тапшырманы аткаруу унаа каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жетекчиси Жоошбек Коеналиевге жүктөлдү.

Бүгүнкү күндө жаңы система департаменттин 24 бөлүмүнүн 15инде иштетиле баштады. Өлкө боюнча аталган программага 147 автомектеп кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0