Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын улуттук желеги. Архив
Кыргызстандын улуттук желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин берген маалыматы боюнча иш-чара Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракеси белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Драматург Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгы белгиленет
Маалыматка ылайык, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 15.00дө өтөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусу күтүлүүдө.

Сагындык Өмүрбаев 1930-жылы Кочкор районунун Ак-Кудук айылында жарыкка келген. Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштап, "Бороондуу күндөр", "Телегей" сыяктуу романдары менен кара сөздүн чебери экенин далилдейт.

Жазуучу 1999-жылы 69 жашында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0