Беш өрдөк: адалсынган Зулпукаровдун эшекканасы жана Мадумаровдун "бандасы"

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Мадумаров декабрда бийликке таарынгандардын жаңы "бандасын" негиздейт"

"Полит Клиника" гезити 26-ноябрда чыккан санында парламенттик шайлоодо жыдыган "Бүтүн Кыргызстан — Эмгек" партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров эмне кыларынын айласын таппай жүрөт деп жазды.

"Күнүгө интернеттеги социалдык түйүндөгү баракчасынан түшпөй, оюна келгенин "оттоп" жаткан чагы. Муну менен эле чектелбестен, эми баягы Равшан Жээнбеков менен Кубаныч Кадыров жетектеген Бириккен оппозициялык кыймыл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Ошондой эле, "Ата Мекен" партиясын колдоп жүргөн Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов сындуу чуулгандуу жаштарды өзүнө имерүүнү мерчемдеген кези экен. Эгер планы толук жүзөгө ашса, декабрда бийликке таарынгандардын жаңы "бандасы" түзүлдү дей бергиле", — деп жазат.

Адахан Мадумаров бул маалыматтардын автору түндө көргөн түшүн жазыптыр деди Sputnik агенттигине. 

"Ушуларга корогон кайран сөз. Алардын айткандарын 21-кылымдын жомокчуларынын жомогу катары кабыл алуу керек", — деди Мадумаров.

"Адалсынган Төрөбай Зулпукаровдун короосунан 200 эшек чыгып"

"Ачык саясат plus" гезити 27-ноябрда чыккан санында КСДП фракциясынын депутаты Төрөбөй Зулпукаров Ноокат районунда кытай жарандары менен биригип эшектерди багып жатканын жазып чыкты.

Беш өрдөк: Бакиевдин китептерин жазган Раев, бажычылардын чөнтөгүн жукарткан Раимбек
"…Учурда Ноокат районунун Көк-Жар айылында кытай жарандары менен Төрөбай Зулпукаровдун адамдары биргелешип башкарган "Во Ви Щы" ЖЧКсы ижарага алган сарайда 200 эшек камалып турат. Буга жергиликтүү эл кыжырданып, баары бир ооздон айтып жүрүшөт: Төрөбай башканы кыйратып бүтүп эми биздин эшектерибизди сатып байыйт бекен, бул эмне кылганы, ажы башы менен ушул ишке кантип барды? Кагаз түрүндө Төрөбөй мырза өз атын жашырганы менен жергиликтүү элдин, айылдаштарынын оозун ким тыят", — деп жазат "Ачык саясат plus".

Учурда Төрөбөй Зулпукаров чет жакта жүргөнүн айткан кеңешчиси Алмаз Табалдиев, гезит беттеринен орун алган маалыматтар чындыкка коошпой турганын Sputnik агенттигине билдирди.

"Чынында Төрөбай Зулпукаров кытай жарандарын тааныбайт дагы. Бул тууралуу өзүнүн да маалыматы жок. Эл өкүлү мындай ишке бармак эмес, барбайт дагы. Ал кандай адам экендигин бардыгы билет. Чет өлкөдөн келгенден кийин өзүнүн так позициясын билдирет", — деди Табалдиев.

"Бакиевдер берген акчага "13-аймак" тасмасы тартылыптыр"…

"Полит Клиника" гезити 26-ноябрда чыккан санында Акматбек Келдибеков ЖК спикери болуп турганда парламенттин пресс-кызматын жетектеген Шаирбек Маматокторов "азыркы бийликке каршы" багытталган "13-аймак" деген тасма тартты деп жазды.

"…Тасманын треллейлеринен эле анын маанисин алдын ала билүүгө болот. Ал жерде тасма Кыргызстандын саясий турмушу тууралуу экени, кандайдыр бир дары-зат химиялык лабораторияларда жасалып жатканын, ал заттар Ош окуяларында пайдаланылганы тууралуу сөз болот. Криминалдык сюжеттер бар экени ачык көрүнүп турат. Анын треллейлеринен эле бул азыркы бийликке каршы тартылган тасма экенин баамдоого болот. Эптеп-септеп деле тартылган эмес, сюжеттери күчтүү, демек өтө чоң акчалар сарпталган", — деп жазат аталган гезит.

Бул тасманын тартылышына Ахматбек Келдибеков каражат бөлүшү мүмкүндүгүн да четке какпайт. Ошондой эле, аталган гезит тасманы тартууга Бакиевдердин түздөн-түз байланышы толук ыктымал экенин кошумчалайт.

Шаирбек Маматокторов бул маалыматты бирөө-жарым бир нерсе "чегип" алып жазса керек деген пикирин Sputnik агенттигине билдирди.

"Гезит "тасманын сапаты жакшы экен, каражатты Бакиевдер берген окшойт" деп жазып атпайбы. Бакиевдер акча берсе алдым деп эле айтат элем. Азыр акча жоктугунан тасманын үн коштоо иштери бүтпөй турат. Бакиевдер акча берсе барын чечип берет эле да. Бул сөздү казак өнөктөштөрүбүз угуп калса, "кыргыздар жинди болгонбу" дебейби. Себеби, каражатты конкреттүү түрдө чымкенттик ишкер жигит берген. Мен казактар менен кино жаатында көптөн бери иштеп жүрөм", — дейт Маматокторов.

Тасманын мазмунун КМШ өлкөлөрүндөгү түстүү революциялар түзөрүн, сценарий боюнча кара күчтөрдү ак күчтөр жеңери баяндалат дейт ал. 

Ошондой эле, сценарийди Казакстандын маданият министрлиги бекитип бергенин билдирген Маматокторов, көркөм тасма боордош элдерде болгон кандуу окуялардын кайталанбашын пропагандалоо максатында тартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0