Келерки жылдан тарта эл автоунаа менен үйлөрүн милдетүү түрдө камсыздандырышы керек

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтоунааны камсыздандыруу. Архив
Автоунааны камсыздандыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу боюнча келерки жылы күчүнө кире турган мыйзамдын долбоору даярдалууда.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа жана турак-үйлөр толугу менен камсыздандыруу системасына өтүшү керек деп билдирди премьер-министр Темир Сариев парламентте.

"Учурда мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзам даярдалып жатат. Кыргызстандыктар өлкөдө катталган үйлөрү менен автоунааларын милдеттүү түрдө камсыздандырышы керек. Эгерде жаратылыш кырсыктарына кабылса, каражат жеткиликтүү түрдө төлөнүп берилет",— деди Сариев.

Камсыздандырууну менчик компаниялар эмес, мамлекеттик ишкана алып барарын айткан премьер, камсыздандыруу системасы 2016-жылдын 1-январынан тарта иштей баштарын билдирди. 

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев жер титирөөдөн жабыркагандар мобилдүү турак жай менен камсыз болорун убадалады
"Биз жакында жер титирөөдөн жабыркаган 500 үйдү калыбына келтирүү үчүн 200 миң сомдун тегерегинде гана каражат бере алабыз. Андыктан, тоолуу жайга контейнерден жасалган үйлөрдү коюп, өрнөгүн көрсөтүп, сунуштайлы деп жатабыз. Чакан, жылуу ички эрежелери, жабдыктары менен болот", —деди премьер.

Премьер 17-ноябрда Ош облусунда болгон жер титирөөдө ураган үйлөрдүн 90 пайызы эски, жерпайы жок, жыгач менен ашталбагандыгын, айрымдарынын топурагына саман да кошулбаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0