Алты миллионунчу жаранды 122 бөбөктүн ичинен тандашат

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө учурда өзүнүн алты миллионунчу жараны ким болгондугун күтүп жаткан кез.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талант Батырлиев кечээки саат 18:00дөн 26-ноябрдын таңкы алтысына чейин өлкө боюнча 122 бөбөк арыкка келгенин билдирди. Учурда Кыргызстандын алты миллионунчу жаранынын төрөлүшү боюнча түзүлгөн өкмөттүк атайын комиссия учурда бул тарыхый сандын ээси ким экендигин тактап жатат. 

Буга чейин алты миллионунчу жарандын атын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев атай тургандыгын өкмөттөгү ишенимдүү булак билдирген.

Анын айтымында, өкмөттүк атайын комиссия юбилейлик сан менен төрөлгөн ымыркайды аныктап, аны Темир Сариевге билдирет.

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, алты миллионунчу жарандын урматына Ала-Тоо аянтында атайын концерт уюштурулат.

Мындан он үч жыл мурда, тактап айтканда 2002-жылы 27-августта Кыргызстандын беш миллионунчу жараны болуп Тынчтыкбек Курамаев жарыкка келген. Быйыл ал 13 жаш — биринчи мүчөл жылын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0