Алты миллионунчу кыргызстандык бүгүн төрөлүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор аянтта болгон концерттеги көрүүчүлөр. Архив
Борбор аянтта болгон концерттеги көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саат 18.00дөн баштап 26-ноябрдын таңкы саат 6.00гө чейин 260 ымыркайдын жарыкка келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Алты миллионунчу кыргызстандык бүгүн төрөлүшү мүмкүн экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алты миллионунчу кыргызстандык жаранга өкмөт өзгөчө көңүл бөлөт
Маалыматка ылайык, 18.00дөн баштап 26-ноябрдын таңына чейин бардык жарык дүйнөгө келген наристелерди каттоого алган штаб иш алып барат. Ага кыргыз өкмөтүнүн, статистикалык комитеттин жана саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кирген.

Аталган мөөнөттө төрөлгөн ымыркайлардын тизмеси өкмөттүк комиссияга берилип, ал Кыргызстандын алты миллионунчу жаранын аныктайт.

Саламаттык сактоо министрлиги республикада бир саатта орточо эсеп менен 10дон 18ге чейин наристе жарык дүйнөгө келет. Белгиленген мөөнөттө 250 баланын төрөлүшү күтүлүүдө.

"Төрөлүү күнү такталган, бирок так саатын эч ким билбейт. Маалымат жыйналгандан кийин улуттук статистикалык комитет өз эсеби менен төрөлүү убактысын тастыктап, ошонун негизинде өкмөттүк комиссия алты миллионунчу жаранды аныктайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы Кыргызстан калкынын санын алты миллионго чыгарган "мааракелик" ымыркайдын урматына "Ала-Тоо" аянтында 26-ноябрь күнү кечки саат алтыда майрамдык концерт өткөрө турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0