Бензин менен дизель майы 50 тыйындан 1 сомго чейин арзандады

© AFP / PHILIPPE HUGUENБензин куючу жай. Архив
Бензин куючу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү майдын арзандашы ага болгон суроо-талаптын кыскарганы менен байланыштуу.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын бардык аймагында бензиндин АИ-92 түрү бир сомго, ал эми калган маркасына жана дизель майына болгон нарк 50 тыйынга арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Күйүүчү майдын арзандашы ага болгон суроо-талаптын кыскарганы менен байланыштуу.

"Бул Россиядагы нефть иштетүүчү заводдорундагы күзгү профилактикалык оңдоо иштеринин аяктап, күйүүчү майдын көптүгүнөн улам болууда", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мыйзамсыз күйүүчү майлар күн көрүүнүн жолу же көмүскө экономиканын өнүгүшү
Ассоциация муну менен бирге баанын арзандашына отунга болгон суроо-талаптын кыскарганы да таасирин тийгизип жатканын белгилейт. 

Бишкекте АИ-80 маркасындагы бензин 34,5 сом, АИ-92 41 сом, АИ-95 44,5 сом, ал эми АИ-98 46,5 сомдон бааланууда. Дизель майынын бир литри 36,5 сомдон сатылып жатат. 

Ошто АИ-80 маркасындагы бензин 37 сом, АИ-92 43 сом, АИ-95 47 сом, ал эми дизель майынын бир литри 36,5 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0