ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынын адистери адамдын сөөгү менен иштөөнү үйрөнөт

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүСөөк. Архив
Сөөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күнгө созулган окууда өлгөн адамдардын ким экендигин так аныктоо, ошондой эле үй-бүлөлөргө, жарандарга дайынсыз жоголгон туугандары жөнүндө туура кабарлоо жөнүндө маалымат берилет.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Эл аралык Кызыл Чырым Комитети Тажикстандын Согди облусунун Хожент шаарында адамдын сөөгү менен иштөөнү үйрөтө турганын аталган мекеме билдирди.

Операция лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендин Таян айылындагы эл эми заманбап шартта дарылана алат
Маалыматка ылайык, окуу бүгүн башталды. Ага Тажикстандан жергиликтүү бийлик органдары жана Кызыл Ай коому менен бирге Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтеринен, Мамлекеттик чек ара кызматы жана Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунан тогуз адис катышат.

Аталган уюм  табигый кырсыктар же башка өзгөчө кырдаалдар убагында каза болгон адамдардын сөөктөрүн талаптагыдай иштетүүнү камсыздоо өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын маанилүү фактору болуп саналарын белгилейт. 

"Өлгөн адамдардын ким экендигин так аныктоо, ошондой эле үй-бүлөлөргө, жарандарга дайынсыз жоголгон туугандары жөнүндө талаптагыдай маалымдоо мындай кырдаалда абдан маанилүү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Үч күнгө созулган иш-чара 19-ноябрда соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0