Муфтият: медреселерде светтик билимдер толук берилбейт

© Фото / Белек НурлановКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө аймагында жалпысы болуп диний окуу жайларда 6126 окуучу билим алууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы диний окуу жайлардын бир катарларында окуу куралдары жетишсиз, акча каражаттарынын жоктугунан студенттерге дене тарбия сабагынан башка светтик билимдер берилбей жатат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына медреселердин ишмердүүлүгү туурасында отчет берип жаткан учурда диний окуу жайлардын жетекчилери айтышты.

Мечитте баян айтуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окутуусу талапка жооп бербеген медреселер жабылат
Ош облусундагы "Абдыжапар" институтунун мүдүрү окуу жайда жогорудай маселелер бар экенин айтып, ал көйгөйдү чечип берүүнү суранды. 

Муфтияттын маалымат кызматы учурда Кыргызстан боюнча 90 медресе болсо, бүгүнкү күндө 70 медресе иштеп жаткнадыгын алды. Ал эми 20 медресе ар кандай себептерден улам иштебейт. Учурда өлкө аймагында жалпысы болуп диний окуу жайларда 6 126 окуучу билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0