Кыргызстанда ишенимдүүлүк индекси аныкталат

Жазылуу
Мындай изилдөөлөр Кыргызстандагы бизнес менен керектөөчүлөрдүн ишенимдүүлүк деңгээлин башка мамлекеттер менен салыштырганга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ишкердик ишеним менен керектөөчүлөрдүн ишенимдүүлүк индекси аныкталат. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт билдирди.

Ишкердик ишеним жана керектөөчүлөрдүн ишенимдүүлүк индекстери Европанын бир катар мамлекеттеринде бирдиктүү система катары өлчөнүп келет. 

Сейфке салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлүктөр былтыркыга караганда Кыргызстанга аз инвестиция салышкан
Мындай изилдөөлөр Кыргызстандагы бизнес менен керектөөчүлөрдүн ишенимдүүлүк деңгээлин башка мамлекеттер менен салыштырганга мүмкүндүк бере турганын аталган институттан билдиришти.

Керектөөчүлөрдүн ишенимдүүлүк индекси алардын мүнөзүн жана коомдун күтүп жаткан нерселерин аныктоодо керек. Ал экономиканын азыркы абалы жана андагы өзгөрүүнү божомолдоо үчүн керек. 

Ишкердик ишеним индекси – бул ишкерлердин маанайын жана күтүүлөрүнүн көрсөткүчү. Ал ошондой эле экономиканын учурдагы абалын баалоого жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0