Статком алты миллионунчу кыргызстандык 26-ноябрда төрөлөрүн тактады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкетин борбор аянттагы болгон концерттин күйөрмандары. Архив
Бишкетин борбор аянттагы болгон концерттин күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттө алты миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшүнө карата өткөрүлө турган иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобу түзүлдү.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөнүн алты миллионунчу жараны 26-ноябрь күнү төрөлө турганын өкмөттүн маалыматы кызматы кабарлады.

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында ымыркай көп төрөлөт?
Буга чейин калк санын алты миллионго жеткире турган наристенин 16-ноябрь күнү жарыкка келери айтылган.

Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен алты миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшүнө карата өткөрүлө турган иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобу түзүлдү. Аталган маселе боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйынын вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева өткөрдү.

Статкомдун маалыматына ылайык, 2015-жылдын 1-августуна карата кыргызстандыктардын саны 5 миллион 964 миң кишини түзгөн.

Кыргызстандын беш миллионунчу жараны Тынчтык 2002-жылы 27-августта Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Азыр ал 13 жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0