Элдин арызы менен 4 салыкчы кызматынан кол жууду

© Фото / пресс-служба ГНССалык дикларациясын толтуруу. Архив
Салык дикларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы жарандардын арыз менен кайрылууларын ар убак кабыл аларын, бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жыл башынан элден түшкөн доомат-арыздардын негизинде төрт кызматкер жумуштан алынганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пара алып жаткан жеринен кармалган салык кызматкери ишинен айдалды
Маалыматка ылайык, тогуз айдын ичинде 132 кайрылуу түшүп, анын 18и боюнча тартиптик жаза колдонулган. Мындан улам бошотулган төрт кызматкердин үчөө ишенимден кеткени үчүн жумушунан алынган. Андан сырткары, тогуз кызматкерге сөгүш жарыяланып, 32 жумушчуга эскертүү берилген. 

Мекеме кайрылуу менен даттанууларды (0312) 61-31-89 номуру жана info@sti.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө болорун белгилеп, алар ыкчам тартипте текшерилерин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0