Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган 100 жаран атайын комплекске которулат

© пресс-служба ГСИН КРЖаңы курулуп аткан түрмө. Архив
Жаңы курулуп аткан түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Которула тургандардын арасында терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор бар. Жаңы имараттын камералары 2-4 адамды кармоого ылайыкталган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 түзөтүү колониясында өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар атайын комплекс курулушунун алгачкы этабы аяктаганын ЖАМК билдирди.

Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги Баткен окуясында курман болгондорду эскерди
Маалыматка ылайык, курулуш толугу менен соңуна чыккандан кийин №19 колония өзгөчө тартиптеги мекемеге айланат.

Министрлик жакын арада өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган 100 жаран которулуп келерин белгилейт. Алардын арасында терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор бар. Жаңы имараттын камералары 2-4 адамды кармоого ылайыкталган. 

"Мындан тышкары, Коргоо кеңешинин чечими менен №19 колониядан тышкары төрт мекемеде диний экстремизм боюнча соттолгондорду кармоо үчүн атайы жайлар курулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган колониядагы кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү боюнча маселе өкмөттө каралып жатат.

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар үчүн атайын комплекстин курулушу 2007-жылы башталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0