Кыргызстан боюнча эртең да кар аралаш жаан жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Дүйнөлүк университети. Архив
Кыргызстандагы Дүйнөлүк университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болуп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар аралаш жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо да кар жаашы күтүлөрүн ӨКМ билдирди. 

В столице еще тепло и глубокую осень можно определить по пожелтевшим листьям - Sputnik Кыргызстан
Ак төөнүн карды жарылган алтын күз
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Түнкүсүн абанын төмөнкү температурасы —1…-3 градус суук, күндүз 1…3 градуска чейин жылуу болот.

Ош шаарында жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 3…5 градус, күндүз 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт. 

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0