Кыргызстанда апта аралыгында кар жаашы күтүлөт

© Sputnik / Владимир Семенюк / Медиабанкка өтүүКол чатырчан аялдар. Архив
Кол чатырчан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-24-октябрь күндөрү республика боюнча абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 22-24-октябрь күндөрү ченемден тышкары суук жана жаан-чачындуу аба ырайы күтүлүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тоо этектерине жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө жааган жаан карга айланат, тоолордо кар жааса, айрым жерлерде жаан-чачын нөшөргө айланат.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия эртеңден баштап үйлөргө жана соцмекемелерге жылуулук бере баштайт
Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 

Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8 градус жылуу, тоо этектеринде 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болуп, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы 8 градус суук болот. 

Министрлик мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0