Быйылкы тогуз айдын ичинде жол кырсыгынан 774 адам каза болгон

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул кызматы жол кырсыктары негизинен эрежелердин бузулушунан, ылдамдыкты жогорулатуудан, унааны мас абалында башкаруудан жана айдоочунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгуусунан болорун белгилейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 5143 жол кырсыгы катталып, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,4 пайызга аз көрсөткүч экенин Жол кайгуул кызматы билдирди.

Кантка бараткан жолдо үч машина кагышып, бир киши каза болду
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 774 адам каза болуп, 7594 жаран түрдүү даражадагы жараат алган. 

Балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыгы былтыркыга караганда 3,1 пайызга азайганы белгилүү болду. 1204 окуядан 82 бала өлүп, дагы 1204ү ар кандай жаракат алган. 

Тогуз айдын аралыгында жүргүнчү ташыган унаа 363 жол кырсыгына себепкер болгон. Андан 32 жүргүнчү каза болуп, 689 адам жарадар болгон.

Жол кайгуул кызматы жол кырсыктары негизинен эрежелердин бузулушунан, ылдамдыкты жогорулатуудан, унааны мас абалында башкаруудан жана айдоочунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгуусунан болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0