Психиатриялык ооруканадан дарыланып чыккандарды жакындары кабыл албай жатат

Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 25 психиатриялык оорукана иштеп, анда 4 миңден ашуун бейтап дарыланат. Айрымдарынын айыкканына карабай, жакындары аларды кабыл алуудан баш тарткандыктан, оорукана аларды багууга аргасыз.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Психиатриялык ооруканада дарылануудан өткөн жарандарды жакындары кабыл албай жаткан учурлар кездешип жатканын Акыйкатчы институту билдирди.

Сариев: ооруканаларды салуу үчүн 1 млрд. сом бөлүнөт
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Республикалык психиатриялык ден соолук борборуна барып, оорулуулардын ал-абалы менен таанышып чыгышкан. 

Анда оорукананын айрым бөлүмдөрүндө эчак айыккан жарандарды туугандары кабыл алуудан баш тарткандыктан, аларды дарыгерлер үйүнө чыгара албай жатканы белгилүү болду.

Борбордун биринчи бөлүмүнүн дарыгери Болот Борболдоевдин айтымында, мындай жарандардын саны жалпы оорукана боюнча 14 адамга жетет. Алар дартынан айыгып, эч кандай кооптонууну жаратпайт. 

"Тилекке каршы, аларды жакындары, туугандары кабыл албай жатышат. Мындан улам биз аларды ооруканадан чыгара албай жатабыз. Бул жарандардын жада калса жол киреси да жок", — деди дарыгер.

Бул учурда оорукана жетекчилери каражат булагын, демөөрчүлөрдү издөөгө аргасыз. Анткени, республикалык бюджеттен акча тамак-аш, дары-дармек жана коммуналдык кызматка гана бөлүнөт.

Кыргызстан боюнча 25 психиатриялык оорукана иштеп, анда 4 миңден ашуун бейтап дарыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0