Өкмөт жеткиликтүү турак-жай программасын беш жылга бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги көп кабаттуу үй. Архив
Бишкектеги көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер кабинети программа үй берүү маселесин гана чечпестен, турак-жай куруу боюнча чараларды да ишке ашырарын белгилейт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Өкмөт жеткиликтүү турак-жай программасын 2015-2020-жылдарга карата бекиткенин Экономика министрлиги билдирди.

Мекеме турак-жайга байланышкан маселе комплекстүү экенин, анын чечилиши мамлекеттин социалдык-саясий туруктуулугун камсыздай турганын белгилейт.

Билдирүүдө аталган программа өтө актуалдуу экени, анткени, анын негизги максаты республиканын бардык аймагында жеткиликтүү турак жайды тийиштүү көлөмдө куруу боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу болуп саналары айтылат.

Акча саноочу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Жеткиликтүү турак-жай" программасы менен 12 пайыздык насыя бере баштайт
Өкмөттүн демилгеси менен кайра каржылоо механизми менен жеткиликтүү ипотекалык кредит программаларына банк системаны тартуу каралган.

Анын алкагында эконом-класстагы турак жай куруу үчүн жеткиликтүү ипотека берилет. Ички жасалгасы менен аягына чейин толук бүткөн мындай класстагы үйдүн бир чарчы метри үчүн 600 доллар каралган. Мында каражат расмий курс боюнча сом түрүндө төлөнөт. Мындан тышкары, "жаш адис", "дарыгер", "мугалим" сыяктуу кичи программалар боюнча турак жайдын ижарага берүүсү каралган.

Кеминде 5-10 жыл жашаган жаран үчүн ижара акысы турак-жайды сатып алуу үчүн төлөнө турган эсепке түшө берет. Мындан тышкары, жашоочу бардык коммуналдык кызматтын акысын өзү төлөйт.

Ошондой эле программада жарандардын корголбогон жарандарына турак-жай берүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0