Маматалиев: Жол кайгуул кызматы жоюлат

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Абдырахман Маматалиев. Архив
Вице-премьер Абдырахман Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө реформа аркылуу жарандардын укугун коргоону жана жол коопсуздугун сактоону камсыздоо талаптары турганы айтылды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы жоюла турганын вице-премьер Абдырахман Маматалиев ИИМ жетекчилиги менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, эгемендик мезгил аралыгында аталган кызматты реформалоо үчүн бир нече ирет аракет көрүлгөнү менен, ал алгылыктуу натыйжа берген эмес. Жол кайгуул кызматын учурдун талабына жараша реформалоо зарыл.

"Реформалоо маселесинде негизги басым кыска мөөнөттө натыйжалуу өзгөрүүлөрдү камсыздап, жаңы стандарттарды киргизген айрым мамлекеттердин тажрыйбаларына жасалууда", — деди Маматалиев.

Сариевдин тапшырмасы менен жол кайгуул кызматынын реформалар пакети иштелип чыкты
Жыйындын жүрүшүндө реформа аркылуу жарандардын укугун коргоону жана жол коопсуздугун сактоону камсыздоо талаптары турганы айтылды. Мында коопсуздукту инновациялык технологияларды колдонуу менен коомдук жана жол коопсуздугун күчөтүүгө багытталган натыйжалуу, комплекстүү системанын иштелип чыгышы каралууда. 

Муну менен бирге Жол кайгуул кызматын жоюу жана так милдеттери аныкталган жаңы бөлүмдүн ачылышы талкууланды. 

Жыйыдын соңунда Маматалиев бир жуманын ичинде аталган долбоорду бардык жагынан иштеп чыгууну тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0