Октябрь ичинде күндүн бүгүнкүдөй ысышы Кыргызстанда биринчи ирет катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКүндүн ысыгында Бишкек көчөлөрүндө бараткан киши. Архив
Күндүн ысыгында Бишкек көчөлөрүндө бараткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ бүгүнкү аба ырайынын температурасы октябрдын абсолюттук рекордун коерун күткөн эмес.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2015-жылдын 9-октябры аба ырайынын өзгөрүшү каттала баштаган 1898-жылдан бери ушул айдын эң ысык күнү катары Кыргызстандын тарыхына кире турганын ӨКМ билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда 126 жыл ичинде 34,2 градуска жетип рекорд коюлду. Буга чейинки рекорд 1941-жылдын октябрына таандык. Анда бул айдагы эң жогорку көрсөткүч 34,1 градуска жеткен.

"Биз бул айда айрым бир күндөрдө күн абдан ысый турганын билгенбиз, бирок абсолюттук рекорд коюларын күткөн эмеспиз", — деди гидрометеорология агенттигинин метеобожомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова.

Бүгүн саат 15.00дө абанын температурасы 34,2 градуска жетти.

Буга чейин Кыргызстанда кийинки аптадан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү маалымдалган.

Быйылкы жылдын июль айында өкмөт болуп көрбөгөндөй ысыктан улам иш саатын кыскартууга мажбур болгон. 15-июль күнү Бишкекте абанын температурасы 40,1 градуска чейин ысыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0