Кыргызстанда мыкты мугалимдер менен мыкты билим берүү мекемелери аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековОрто мектептеги мугалим. Архив
Орто мектептеги мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл "Мыкты мугалим — 2015" республикалык сынагына облустун конкурстардан жеңип чыккан 70 мугалим катышты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Республика боюнча өткөрүлгөн "Мыкты мугалим — 2015" сынагынын жеңүүчүлөрү жана билим берүүчү мыкты мекемелер аныкталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Глобус жана мектеп жабдуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Жыл мугалими – 2015" республикалык сынак башталды
Конкурс "Мыкты мугалим", "Мыкты бала бакча", "Мыкты инновациялык мектеп" жана "Мыкты айыл мектеби" номинациялары боюнча өткөн.

Маалыматка ылайык, "Мыкты мугалим — 2015" номинациясында Балыкчы шаарындагы мектептин географы Нургүл Алиева жеңүүчү болду. Экинчи орунга Талас облусунун мугалими Тамара Бокубаева ээ болсо, үчүнчү болуп Ош шаарынан Элвиза Нарынбаева аталды.

Ал эми Бишкек шаарындагы №82 бала бакча мыкты мекеме аталса, экинчи орунга Ысык-Көл облусунун "Наристе" бала бакчасы татыды. Ал эми Ош облусунун мектепке чейинки билим берүү жайы үчүнчү орунду ээледи.

"Мыкты инновациялык мектеп" номинациясында биринчи орунду Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназия алды. Тизменин экинчи сабы Кара-Балта шаарындагы №6 мектепке берилди. Ал эми Өзгөн районунун Ленин атындагы №5 орто мектеби үчүнчү болду.

Орто мекетпке сабак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги: мугалимдердин айлыгы ставканын саатына жараша көбөйтүлдү
Сынакта Алай районунун Адишев атындагы мектеп республиканын мыкты айыл мектеби аталды. Экинчи орунда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Истамбеков атындагы мектеп турса, үчүнчү орунга Жалал-Абаддын Токтогул атындагы мектеби татыды.

Министрлик тарабынан Ат-Башы районунун Керималиев атындагы жана Баткен районунун Кара-Токой орто мектептеринин эмгек жамааттарын сыйлады.

Быйыл "Мыкты мугалим — 2015" республикалык сынагына облустун конкурстардан жеңип чыккан 70 мугалим катышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0