05:48 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив

Кыргызстанда биринчи жолу банк эсептеринен акча уурдаган кылмышкерлер кармалды

© flickr.com / hackNY.org
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
131 0 0

Киберкылмыштуулук Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аныкталды. Банк эсептеринен акча каражаттарын уурдаган кылмышкерлер Индия, АКШ, Россия, Казакстан, Украина сыяктуу мамлекеттердин криминалдык топтору менен байланышта болгон.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу банк эсептеринен акча каражаттарын уурдоо менен алектенген киберкылмышкерлердин тобу кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Милицияга европа улутундагы 20-25 жаштагы жарандар атайы жабдуу менен банк эсептеринен акча уурдап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышкерлер интернет аркылуу украиналык жарандар менен байланышып, мыйзамсыз жасалган жабдыкка ээ болушканы аныкталган. Андан кийин Украинага барышып, "скиммер" деп аталган атайы аппарат сатып алышкан. 

Маалыматка ылайык, карта кабыл алгычка  жана банкоматтын клавиатурасына атайы жука пленка төшөлөт. Кардар келип, банкоматтан акча алуу учурунда карточкасынын бардык маалыматы "скиммерге" түшүп калат. Мындан кийин кылмышкерлер бардык маалымат түшүрүлгөн скиммерди алып, интернет аркылуу эсептен акча каражатын алып турушкан. 

Кылмышкерлер атайы жабдыктарды иштетүү боюнча машыгууларды өткөрүшкөн. 

Кылмышка шектүү жарандардын аты-жөнү такталгандан кийин алардын аракети көзөмөлгө алынган. Кылмыштын мындай түрү буга чейин Кыргызстандын аймагында катталбагандыктан, иликтөө иштерине "Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын" адистери тартылган.

Каражатты накталоо үчүн аталган кылмышкерлер Индия, АКШ, Россия, Казакстан, Украина сыяктуу мамлекеттердин криминалдык топтору менен байланышта болгондугу аныкталган. 

Үч айга созулган иликтөө иштеринин натыйжасында далил материалдардын керектүү деңгээлде чогулушунан  кийин Сүй облусунун 23 жана Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургундары кармалган. 

Алдын ала маалымат боюнча келтирилген зыяндын көлөмү беш миллион сомду түзгөн. Кылмышкерлерди кармоо учурунда алардын жанынан Бишкектеги банк кардарларынын эсебинен акча уурдоого ылайыкташкан жабдыктар табылган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тема боюнча

Оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынган 9 жаран кармалды
Белгилер:
киберкылмыштуулук, тергөө, электрондук эсеп, жабдык, жаран, уурулук, банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ